ХАМАС барымтадагыларды бошотууга жана Газаны башкарууну өткөрүүгө макул болду

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. ХАМАС барымтадагыларды бошотууга жана Газаны башкарууну өткөрүп берүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Палестин кыймылы АКШ президенти Дональд Трамптын планына макул болгону менен айрым пунктулар ортомчулар аркылуу талкууланарын белгиледи. Кыймыл курал-жарагын келечектеги палестин бийлигине өткөрүп берет.
"ХАМАС барымтадагыларды бошотууга даяр жана бул маселени майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоо үчүн ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого макул", — деп айтылат кыймылдын маалыматында.
Ошол эле учурда Трамптын планында камтылган башка маселелер анклавдын келечегине жана палестиналыктардын ажырагыс укуктарына тиешелүү экени баса белгиленди. Алар улуттук комплекстүү позициянын негизинде жана эл аралык укукка таянып каралары кошумчаланды.
Бул маселелер жалпы палестиндик түзүмдүн алкагында талкууланат жана ага ХАМАС дагы катышат.
Путин: Трамптын планы Палестина мамлекетин түзүүгө алып келсе колдойбуз