Минкаб жетекчиси эки жылда Бишкекте дагы 32 мектеп курула тургандыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Бишкекте эки жылда 32 мектеп курулуп, анын 20сы келерки жылдын сентябрына чейин колдонууга берилет. Бул тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев билим берүү тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып билдирди.
Ал билим берүү тармагын мамлекеттин башкы приоритети катары белгилеп, акыркы жылдардагы жетишкендиктерди санап өттү. 2025-жылы бала бакчалар менен балдарды камтуу 44,3 пайызга жетип, 2020-жылдагы көрсөткүчтөн эки эседен ашык көбөйгөн. Акыркы үч жылда 400 жаңы бала бакча ачылып, мурда башка максатта пайдаланылган 25 имарат кайра кайтарылганы айтылды. 2030-жылга чейин мектепке чейинки билим берүү менен балдарды камтуу 80 пайызга жеткирилери белгиленди.

"Президенттин тапшырмасы боюнча расмий түрдө билдирем: 2026-жылдын сентябрына чейин Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулат. Ал эми 2026-2027-жылдары дагы 12 мектеп салынат. Ош шаарында 10 мектеп, Манас шаарында алты мектеп бар", — деди Касымалиев.

Минкаб төрагасы 2026-жылдын апрелинен тарта мугалимдердин маянасы жогорулай турганын кошумчалады. Ошондой эле жогорку билим берүү тармагындагы оң өзгөрүүлөргө токтолуп, университеттердин эл аралык рейтингдердеги көрсөткүчтөрү көтөрүлүп жатканын, материалдык-техникалык базасы жаңыланып жатканын белгиледи.
"Бүгүн 300 миңге жакын бала бала бакчага, 1,5 миллион бала мектепке барат. 200 миңден ашуун студент университеттерде, 100 миңден ашууну лицей жана колледждерде окуйт. Башкача айтканда, биздин эки миллионго жакын жараныбыз мугалимдердин колунда", — деди ал.
Бийлик жаш мугалимдерди колдоп, пайызсыз ипотекалык үй берүүнү пландоодо