Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Sputnik
Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү маселеси референдум аркылуу чечилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" агентигине курган маегинде айтты. Журналисти "зөөкүрлөргө өлүм жазасын киргизүү сунушталгандан кийин социалдык желелердин колдонуучулары соттор менен укук коргоо органдарына ишеним төмөн экенин белгилешип, мунун артынан күнөөсүздөр өлүмгө кириптер болуп калышы мүмкүн деп тынчсызданып жатышат. Өлүм жазасы күнөөсүздөргө чыгып калышы мүмкүнбү?" деген суроону берген. Жапаров азыр XXI кылым — технологиялардын кылымы деп белгилеп, күнөөсүздөр жазаланбаш үчүн жол-жобосун адистер иштеп чыгышарын билдирген. Ошондой эле өлүм жазасы балакатка жашы жете электерди өлтүрүп, зордуктагандарга карата гана колдонуларын айткан. Коррупционерлерге мындай өкүм чыгарылбайт. Жапаров мындайда күнөөсүздөр эң оор жазага кириптер болуп калышы мүмкүн экендигине токтолгон. Мындан тышкары, Конституциянын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынганын белгилеген. "Конституциялык соттун корутундусу менен референдумга чыгарылып чечилет. Андан кийин эл аралык келишимдерден чыгуу маселеси, иштеги кодекстерге жана мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзамдарды жаңы келген Жогорку Кеңеш кабыл алышы керек. Маселени бийлик өзү билип чечпейт. Эл менен кеңешет", — деген Садыр Жапаров.
Бишкекте эки жылда 32 мектеп курулуп, анын 20сы келерки жылдын сентябрына чейин колдонууга берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. "Президенттин тапшырмасы боюнча расмий түрдө билдирем: 2026-жылдын сентябрына чейин Бишкек шаарында 20 жаңы мектеп курулат. Ал ал эми 2026-2027-жылдары дагы 12 мектеп салынат. Ош шаарында 10 мектеп, Манас шаарында 6 мектеп бар", — деди Касымалиев. Ал балдар, айрыкча, кенже класстар үйдүн жанынан окуй алышарын кошумчалады.
Беш жылга чукул убакытта Кыргызстанда 25 бала 153 аял өлтүрүлгөн Кыргызстанда өтүрүлгөн аялдар менен балдар боюнча статистиканы Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине өлүм жазасы боюнча берген бүгүнкү маегинде айтты. 2021-жылы 39 адам киши колдуу болгон: Алардын ичинен балдар — 3, аялдар — 36 2022-жылы 43 адам өлтүрүлгөн: 18ге чейинки балдар — 2, аялдар — 41 2023-жылы 25 киши өлтүрүлгөн: 18 жашка чейинкилер — 4, аялдар — 21 2024-жылы 43 адам киши болдуу болгон: 18 жашка чейинкилер — 9, аялдар — 34 2025-жылдын 8 айында 28 киши өлтүрүлгөн: 18 жашка чейинкилер — 7, аялдар — 21. Ал эми балдар менен аялдарды зордуктоонун саны акыркы 4 жыл сегиз айда 513 деген санды көрсөткөн.
ХАМАС барымтадагыларды бошотууга жана Газаны башкарууну өткөрүп берүүгө макул болду. Бул тууралуу РИА Новости жазды. Палестин кыймылы АКШ президенти Дональд Трамптын планына макул болгону менен айрым пунктар ортомчулар аркылуу талкууланарын белгиледи. Кыймыл курал-жарагын келечектеги палестин бийлигине өткөрүп берет. "ХАМАС барымтадагыларды бошотууга даяр жана бул маселени майда-чүйдөсүнө чейин талкуулоо үчүн ортомчулар аркылуу сүйлөшүүлөрдү дароо баштоого макул", — деп айтылат кыймылдын маалыматында.