Аңызга айланган советтик аба кемеси. Ту-154 боюнча тарыхый видео

1968-жылы 3-октябрда "советтик асмандын кожоюну" – Ту-154 жүргүнчү учагы биринчи ирет асманга көтөрүлгөн. Ал совет мезгилиндеги эң мыкты аба кемеси болгон.
Sputnik
СССРдин эң көп чыгарылган, эң кооз бул авиалайнери тууралуу кызыктуу маалыматтар арбын.
Аба кемесин түзүү иштери 1960-жылдары башталып, долбоорду легендалуу авиаконструктор Андрей Туполев башкарган. 1970-жылдан 2013-жылга чейин 1 026 учак чыгарылып, Азияга, Африкага жана Жакынкы Чыгышка сатылган. Бул Ту-154тү СССРдин, андан кийин Россиядагы эң көп жасалган жүргүнчү самолету кылды.
Ту-154ЛЛ долбоору "Буран" космостук кемеси үчүн борттук электрониканы түзүүгө пайдаланылган. Мындан сырткары, керосинден башка суюк газ (алгач суутек, андан кийин метан) менен учкан Ту-155 жана Ту-156нын "учуучу лабораториялары" да болгон. Бирок 1990-жылдары бул идеялар калып калган.
Өзүнүн тарыхында Ту-154 учагы 1,5 миллиард жүргүнчүнү ташыган. Акыркы жолу ал 2020-жылдын 28-октябрында каттамды аткарган, андан соң убактылуу батыштык "кесиптештерине" орун бошоткон.
Атактуу Ту-154 учактары дагы деле Россиянын Коргоо министрлигинин жана Кытайдын элдик-боштондук армияларында, Түндүк Кореяда кызмат кылып келет. Анын ордуна жакында заманбап МС-21 авиалайнеринин келиши күтүлүүдө, бул учакта Россиянын эң алдыңкы технологиялары колдонулган.