Токмок шаарына 2 млрд. сом бөлүндү. Каражат кайда жумшалат

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Токмок шаарын өнүктүрүүгө бийлик 2 миллиард 56 миллион сом бөлдү. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев шаардын мэриясына атайын техникаларды жана кызматтык унааларды тапшырган. Ал техника президент Садыр Жапаровдун атынан Токмокту өнүктүрүү үчүн берилгенин белгилеген.
Мындан тышкары, Ташиев Токмок шаарына жалпы суммасы 2 миллиард 55 миллион 500 миң сом каражат бөлүү чечими кабыл алынганын билдирген.
1 / 3

Токмок шаарын өнүктүрүүгө бийлик 2 миллиард 56 миллион сом бөлдү

2 / 3

Маалыматка караганда, бүгүн атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев шаардын мэриясына атайын техникаларды жана кызматтык унааларды тапшырган

3 / 3

Ал техника президент Садыр Жапаровдун атынан Токмокту өнүктүрүү үчүн берилгенин белгилеген

Каражат төмөнкү ири долбоорлорду ишке ашырууга жумшалат:
Токмок шаарынын ички жолдорун оңдоого жана курууга —1 миллиард 812 миллион 900 миң сом;
Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратын курууга — 134 миллион 600 миң сом;
муниципалдык техниканы жана коомдук транспортту жаңылоого, шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу 10 автобус жана атайын бургулоочу техниканын эки бирдигин сатып алууга — 108 миллион сом.
Токмок шаарындагы А.С.Пушкин атындагы №1 жана №2 орто мектептери үчүн кошумча окуу корпустарын куруу да каралууда. Курулуш иштерин 2026-жылы баштоо пландалып жатат.
"Ар бир кошумча окуу корпусунун долбоордук кубаттуулугу 800 орунду түзөт, бул Токмок шаарынын мектептеринин сыйымдуулугун кыйла жогорулатууга жана билим алуу шартын жакшыртууга мүмкүндүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Ар бир объектинин курулушунун сметалык баасы 220 миллион сом, бардыгы болуп 440 миллион сом керектелет.
РКӨФ "Каркыраны" кеңейтүүгө 800 миң доллар бөлмөкчү. Видео