Кыргызстан спутниктик интернет колдонуу боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизет

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанды ыкчам санариптик өнүктүрүү, санариптик теңсиздикти жоюу жана жаңы телекоммуникациялык технологияларды киргизүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында “Геостационардык эмес спутник системаларын пайдалануу боюнча пилоттук долбоорду жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Долбоор 2025-жылдын 6-октябрынан тартып 2026-жылдын 5-октябрына чейин ишке ашырылат. Бул демилге санариптик теңсиздикти жоюуда маанилүү кадам болуп, интернетке кошулуу кыйын же мүмкүн болбогон алыскы жана жетүүгө оор аймактардагы тургундар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Долбоордун маанилүү өзгөчөлүгү анын ачыктыгы болуп саналат. Пилоттук долбоорго спутниктик интернет кызматын көрсөткөн бардык эл аралык операторлор катыша алат, алар Кыргызстандын президентинин жарлыгында каралган шарттарды жана милдеттенмелерди аткарышат.
Мындай ыкма таза атаандаштыкты түзүп, ар кандай технологиялык чечимдерди тестирлөөгө, техникалык жана укуктук тоскоолдуктарды аныктоого, ошондой эле өлкөдө спутник байланыш системаларын келечекте жөнгө салуу жана масштабдуу ишке киргүзүү үчүн негиз түзөт.
Пилоттук долбоор аяктагандан кийин тиешелүү мамлекеттик органдар тестирлөөнүн жыйынтыгын баалоо менен корутунду даярдап, өлкө жетекчилигине спутник интернетин андан ары өнүктүрүү боюнча сунуштарын киргизет.
Бул долбоор Кыргызстандын санариптик трансформация стратегиясынын маанилүү бөлүгү болуп эсептелет.
Сапаттуу интернеттин өлкөнүн эң алыскы аймактарына жетиши республиканын бардык жарандарынын жашоо сапатын жакшыртууга өбөлгө түзүп, билим берүүнү, саламаттык сактоону, бизнести жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Радио
"ЭлКат" компаниясы жакында жаңы улуттук операторду ишке киргизет