БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кечээ, 2-октябрь күнү, "Валдай" эл аралык клубунун сессиясы өтүп, ага Россия президенти Владимир Путин катышты.
РФ лидери эл аралык талуу маселелерден тартып жеке өзүнө тиешелүү учурларга да токтолгон. Sputnik Ближнее зарубежье Telegram каналы өлкө башчынын айткандарынын негизгилерин иргеп чыкты.
Россия жакын арада Кытай үчүн визалык режимди жоет;
айрым мамлекеттер өзөктүк сыноолорду даярдап жатканынан Москва кабардар. Эгер сыноо жүргүзүлсө, Россия да ушундай эле аракеттерге барат;
Россия "Орешниктин" артынан гиперүндүү куралдын жаңы системасын чыгарышы мүмкүн, иш жүрүүдө;
эгер стратегиялык чабуул коюучу курал чыгарууну кыскартуу боюнча келишимдин АКШга кереги жок болсо, Россиянын да ага муктаждыгы болбойт;
Россия Беларустан башка бир да жерге тактикалык өзөктүк куралын жайгаштырган жок;
БРИКС электрондук эсеп жана соода мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жаатында иштейт. Бүгүн БРИКСтин дүйнөлүк ИДПдагы үлүшү 40 пайызды, Евробиримдиктики 23 пайызды түзөт;
Россия эгер жаңжал жөнгө салына турган болсо Трамптын Газа боюнча планын колдоого алат;
Россиянын Куралдуу күчтөрү Харьков облусундагы Купянскинин үчтөн эки бөлүгүн бошотуп, Донецк Эл Республикасынын Константиновкасына кирди.