БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Киев тарабынан "Томагавк" ракеталарынын колдонулушу эскалациянын жаңы баскычын билдирип, Россия менен АКШнын ортосундагы мамилеге доо кетирет. Бул тууралуу РФ президенти Владимир Путин “Валдай” клубунун сессиясында билдирди.
АКШнын мурдагы вице-президенти Трамптын администрациясы Украинага "Томагавк" канаттуу ракеталарын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатканын, бирок акыркы чечимди АКШнын лидери кабыл аларын билдирген.
“Томагавктар" бизге зыян келтире алабы? Ооба, келтире алат, бирок биз абадан коргонуу системабызды өркүндөтүп, аларды атып түшүрөбүз. "Томагавктарды" америкалык аскер кызматкерлеринин түздөн-түз катышуусу жок колдонуу мүмкүн эмес. Бул Россия менен АКШнын ортосундагы мамилелерди бузат жана эскалациянын жаңы этабын билдирет”, — деди Путин “Валдай” клубунун сессиясында.