БИШКЕК, 3-окт. —Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин Украина сүйлөшүү столуна отурууга күч табат деген үмүтүн билдирди. Ал “Валдай” эл аралык клубунун сессиясына катышкан.
Анын айтымында, Украина Куралдуу күчтөрүндө дезертирлердин саны 150 миңге жетти. Сентябрь айында 44,7 миң адамды жоготушту.
Россия лидери "жоготуулар алардын өздүк курамын толуктоо мүмкүнчүлүгүнөн да көп" деген.
Путин мындан улам Киев сүйлөшүүлөрдү баштоо жөнүндө ойлонушу керектигин белгиледи.