БИШКЕК, 3-окт. —Sputnik. АКШ президенти Дональд Трамптын планы Палестина мамлекетин түзүүгө алып келсе Россия аны колдоого даяр экенин Владимир Путин “Валдай” клубунун сессиясында билдирди.
Россия лидери эки элге эки мамлекет түзүү менен гана жаңжалды токтотууга болорун белгиледи.
"Трамптын Газа тууралуу сунушу боюнча айта турган болсок, Россия аны колдоого даяр”, — деди Путин.
Ал ошол эле учурда жөнгө салуу сунуштарына Палестина кандай карай турганын билүү маанилүү деген.
"Валдай" эл аралык дискуссиялык клубу саясат таануу, экономика, тарых жана эл аралык мамилелер жаатындагы алдыңкы чет өлкөлүк жана россиялык эксперттердин башын бириктирет. Клуб 2004-жылы түзүлгөн. Биринчи отурум Валдай көлүнө жакын Великий Новгороддо өткөндүктөн ушундай аталыш алып калган.