"Табытта кайтышат". Орбан Европа согушка жакындап бара жаткандыгын айтты

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sptunik. Евробиримдик өлкөлөрүнүн көбү айтпаганы менен Венгриянын "Европа согушка бара жатат, жиберген аскерлердин көбүнүн өзү эмес, табыты келет" деген пикирине макул. Бул туурасында венгр премьер-министр Виктор Орбандын айтканын РИА Новости жазды.
"Жабык өткөн талкуулардан улам өлкөлөрдүн көбү Венгриянын "акырындык менен согушка аралашып бара жатабыз, эртеби-кечпи, жаш аскерлерибиз табытта кайтат" деген пикирине макул. Бул кооптуулук чындыгында өсүүдө", — деген Орбан Kossuth радиосунун эфиринде.
Анын айтымында, Венгрияга европалык расмий жыйындарда кээде Словакия гана колдоо көрсөтөт, ал эми калгандары сындайт. Бирок венгр позициясын көмүскө, бейрасмий колдогондор "акырындык менен арбып бара жатат".
"Жүз миллиондогон, аягында келип миллиарддаган евролорду шамалга сапырып жатабыз. Европалыктар бул согушка улам тереңдеп тартылып бара жатат деген тобокелдик турат. Аягында жоокерлерди жиберебиз дегендер келип чыгат да", — деп белгилеген ал.
РФ президенти Владимир Путин тынчтыкты сактоо боюнча кепке келишсе Украинада чет элдик аскерлердин жүрүшүнүн деле зарылдыгы болбостугун, бирок ага карабай эле пайда болушса Россиянын армиясы аларды мыйзамдуу бута деп эсептей турганын айткан.
РФ ТИМинен НАТО аскерлерин Украинага кандай гана сценарий менен жайгаштырбасын, Россияга баары бир туура келбестигин белгилешкен. Ал эми Украинага курал-жарак жеткирүү абалды жөнгө салууну татаалдатып, НАТО өлкөлөрүн жаңжалга түз аралаштырып жатканын Россия башынан эле айтып келет.
ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинага деп курал-жарак жана ок-дары жүктөлгөн транспорттун бардык түрү Россия армиясынын мыйзамдуу бутасына айланарын эскерткен. Анын айтымында, АКШ менен НАТО курал-жарак жөнөтүп эле тим болбостон, Улуу Британия, Италия, Германия жана башка мамлекеттерде кадр даярдап берип да чырга кийлигишип жатат. Кремль Украинаны курал-жаракка шыкоо сүйлөшүүнү кыйындатып, пайда алып келбей турганын белгилеген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Орустар жеңди. Орбан Трамптын Украина боюнча айткандарына үн катты