Sputnik Ближнее зарубежье анын кандай иштей турганын баяндап берген.
© Sputnik_Infographics
"Бирикме борбордук командалык пунктуга байланган, ага ар бир мамлекеттен маалымат келип турат. Бул мүчө өлкөлөрдүн аймагынан 300 чакырым алыс турган буталарды табууга жана душманды толук даярдык менен тосуп алууга мүмкүнчүлүк берет", — деп билдирген Абадан кол салуудан коргонуу системасынын аскердик музейинин директору Юрий Кнутов.
Аскердик эксперт шериктештиктин алкагында бирдиктүү маалымат аймагы тууралуу айтып берген.
"Россия атайын операцияны жүргүзүүдөгү тажрыйбасы менен бөлүшөт. Бирдиктүү маалыматтык мейкиндиги абадан коргонуу боюнча ар түрдүү системалар бир эле маалымат талаасында иштеп, кабарды заматта өткөрүп, коргонуу компоненттерине жүктү бөлүштүрүү жолу менен түптөлөт", — деди эксперт Дмитрий Корнев.
Кнутов боордоштук жардамга да токтолду.
"Россия менен Беларустун өзүнүн системалары бар. Алардын ичинде Кыргызстан (айтмакчы, алар С-300ПС партиясын алганын билдиргенин айта кетейин) менен Армения бул жаатта олуттуу эле артта калат. Ереван азыркыга чейин ЗРК С-75 "Двина" системасын колдонуп келген. Бул дүйнөдөгү куралдардын катарынан чыгарылган", — деп айтып берди Кнутов.
КМШ өлкөлөрүнүн "темир калканчынын" майнаптуу иштешин жогорулатуу бүгүн Ижевскиде өтүп жаткан КМШга мүчө мамлекеттердин коргоо министрлер кеңешинин алдындагы аталган система боюнча Координациялык комитеттин 61-жыйынынын башкы темасы болуп калды. Ага Кыргызстандын, Россиянын, Беларустун, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын Абадан коргонуу күчтөрүнүн башкы командачылары катышты.