БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин ИИМдери биргелешип Интерпол боюнча эл аралык издөөгө алынган 54 жаштагы кыргызстандыкты экстрадициялады.
Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта К.Э. шылуундукка айыпталып изделип жатканы айтылат. Тергөө материалдарында шектүү 2017-жылдын аягынан 2018-жылдын аянварына чейин криптовалюта алып берем деп К.В. аттуу аялдын 22 миң доллары менен бир миллион сомун алып, ошол боюнча из суутуп кеткени көрсөтүлгөн.
© Фото / пресс-служба МВД КР
Мындан тышкары, БАЭде 2015-жылы жеригиликтүү мыйзамды бузганы үчүн камакка алынган 59 жаштагы кыргызстандык да мекенине кайтарылды.
"Бул киши чек арадан өтүү үчүн башка бирөөнүн документтерин пайдаланган. Бир ишкананын негиздөөчүсү болуп туруп салык төлөөдөн баш тарткан схеманы уюштурган. Натыйжада мамлекетке 18 миллион сом зыян келтирилген", — деп айтылат маалыматта.
Экстрадициялангандар тергөө органдарынын көзөмөлүнө өткөрүлдү.
Эскерте кетсек, ИИМ кечээ да Интерпол боюнча издөөгө алынган кыргызстандыктар Түркиядан кармалганын билдирген.