Радио

Улуттук программанын алкагында эне-баланын өлүмүн кыскартуу иштери жигердүү жасалууда

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору, педиатр Шайырбек Сулайманов эне менен баланын өлүмүнүн себептери тууралуу айтып берди.
Sputnik
Төрөттөн каза болгон аялдардын ар бир үчүнчүсүнүн өнөкөт оорусу бар. Бул тууралуу Шайырбек Сулайманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыр көз жумган ар бир экинчи кыргызстандык жүрөк-кан тамыр оорусунан улам каза болууда.

"Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, адамдын ден соолугу анын жүрүм-турумуна, жашоо образына байланыштуу. Экинчиден, генетикалык жактан тукумга, үчүнчүдөн, айлана-чөйрөгө көз каранды. Медицинага 10 пайызы гана байланыштуу. Ошондуктан ар бир жаран ден соолугуна көңүл бөлүп, алдын алышы керек. Кыргызстандын калкы 7,3 миллион болсо, анын 50 пайызын аялзаты түзөт. Жалпылап айтканда, 1,3 миллиону — төрөй ала турган курактагылар. Ал эми 7,3 миллион калктын 37-38 пайызы — 18 жашка чейинки балдар. Кыргызстанда жылына 150 миң наристе жарык дүйнөгө келет. Ошондой эле жалпы калктын эсебинен алсак, 1000 адамга 19-20 бала туура келет. Ар кандай себептер менен аларды ичинен 4,5 пайызы көз жумат. Аялдардын жана балдардын ден соолугун коргоо үчүн Кыргызстанда глобалдык жана жергиликтүү программалар иштейт", — деди Сулайманов.

Ал белгилегендей, 2040-жылга чейинки өнүгүү стратегиясында жана 2026-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасында эне менен баланын өлүмүн, онкологиялык ооруларды кыскартуу боюнча иш-чаралар каралган.
"Дени сак адам — дени сак өлкө" өнүгүү стратегиясында энелердин жана балдардын өлүмүн кыскартуу акселераторлору көрсөтүлгөн. Улуттук деңгээлдеги мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо каралган. Анын аркасында Эне-баланы коргоо борборунун техникалык базасын чыңдап жатабыз, перинаталдык борбор ачылды. Учурда өлкөдө 30га жакын саламаттык сактоо борборлору курулуп жатат. Көз карандысыз изилдөөнүн жыйынтыгын карасак, төрөттөн көз жумгандар көбүнчө 35 жаштын тегерегиндеги аялдар, алардын 80 пайызы орто билимдүү, турмуштук жагдайдан кыйналгандар экени аныкталган. Ал эми балдар өлүмүн карай келгенде да билимдүү ата-энелерге караганда орто билимдүү ата-энелердин балдарынын арасында статистикалык айырма байкалат. Ошол себептен алгачкы санитардык-медициналык жардамды жакшыртуу боюнча иш-чара башталды. Акыркы кезде маяна кошулуп, аймактарда социалдык кызматкерлер көбөйө баштады. Төрөттөн каза болгон аялдардын көбүндө жүрөк, нерв, бөйрөк оорулары байкалат. Дарыгерлердин тыюу салганына карабай кош бойлуу болгон аялдардын ар бир үчүнчүсү каза болуп калууда", — деди Сулайманов.
Ал эл ден соолугуна кайдыгер карабай туура тамактанып, көп кыймылдап жана дарыгерлерге алдын ала көрүнүп турушу керектигин кошумчалады.