Бишкекте айыл чарба көргөзмөсү жана "Алтын күз" жарманкеси өтөт

Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бишкекте "АгроТехЭкспо-2025" көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Иш-чара 17-19-октябрда Турдакун Усубалиев атындагы аянтта болот. Анда заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөн, жер семирткичтер, өсүмдүктөрдү коргоочу каражаттар жана асыл тукум мал жаныбарлары көргөзүлөт. Ал эми жарманкеде органикалык таза азык-түлүктөр арзан сатылары айтылды.
Мындан сырткары, сатып алуучулар жеңилдетилген лизинг жана насыя кызматтарын колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Социалдык товарларга 5%дан ашык үстөк кошууга болбойт. Өкмөт токтом сунуштоодо