Спорттук психология — машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек?

Sputnik
Хорватиянын борбору Загреб шаарында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, Кыргызстандын курама командасы эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер арасында күрөш боюнча катышты. Көпчүлүк күйөрмандар спортчулардын даярдыгы, машыктыруучулардын иши, спорттук психология, медицина тууралуу пикир жазышты. Негизи машыктыруучу менен спортчунун мамилеси кандай болушу керек, спорттогу психологиянын орду тууралуу психолог, психология илимдеринин кандидаты, доцент Маматали Мурзаев айтып берди.