Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Sputnik
Боом капчыгайында 5 күн жол жарым-жартылай жабылатКыргызстан Катар, Кувейт менен саламаттык сактоо тармагында кызматташтыкты бекемдейтШайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирип, арыз бергендердин саны 13кө жеттиКөп мандаттуу шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого катышуу жѳнүндѳ ниетин билдирип, арыз бергендердин саны он үчкө жетти. Бул тууралуу Боршайкомдун сайтындагы жаңыланып турган маалыматтан көрүүгө болот. Ушул сааттарга карата талапкерлигин өзүн-өзү кѳрсѳтүп, Элвира Сурабалдиева, Ахмеджан Мамадумаров, Азамат Абсатаров, Мураталы Керимбаев, Асел Набиева, Улукбек Карыбек уулу, Болот Ибрагимов, Эмилбек Абдыкадыров, Дастан Бекешев, Таалайбек Жаилов, Айгүл Айдарова, Адылбек Капалов жана Алымкадыр Бейшеналиев арыз тапшырган. Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин 90 депутаты 5 жылдык мөөнөткө мажоритардык система менен 30 көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча шайланат. Ар бир округдан үчтөн депутат мандат алат. Шайлоочу өзүнүн тандоосу боюнча бир гана талапкерге добуш бере алат. Саясий өнөктүк 30-ноябрда ѳтѳт.
Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев Психикалык ден соолук боюнча 6-Глобалдык министрлер саммитине катышуунун алкагында бир катар эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү. Министрдиктен билдиришкендей, Чечейбаев Катардын саламаттык сактоо министри Мансур бин Ибрагим бин Саад Аль Махмуд менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар психикалык саламаттык, медициналык инфраструктура жана заманбап дарылоо технологияларын ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты өнүктүрүүнү талкуулашты. Сүйлөшүү учурунда катарлык адистердин Кыргызстанда ийгиликтүү кохлеардык имплантациялоо практикасы да белгиленди. Ошондой эле Кувейттин саламаттык сактоо министринин коомдук саламаттык сактоо боюнча орун басары доктор Аль-Мундхир Ваэл Мухаммад Аль-Хассави менен жолугушууда Кыргызстандын саламаттыкты сактоо тармагына, анын ичинде кайрымдуулук фонддоруна көрсөтүлгөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирилди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар кызматташуунун конкреттүү багыттарын аныктоо үчүн мындан аркы өз ара аракеттенүүгө жана үзгүлтүксүз жумушчу консультацияларга даяр экендиктерин ырасташты.
Бишкек, Ош жана Манас аймактарындагы коомдук тамактануу тармагынын ишкерлерлерине фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоордун алкагында окутуу өткөрүлдү. Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, окутууда ишкерлер фискалдык программалык камсыздоонун негизги өзгөчөлүктөрү, анын иштөө принциби, салыктык жана бухгалтердик эсепке алуудагы ролу тууралуу кеңири маалымат алышты. Эске салсак, фискалдык программалык камсыздоону киргизүү боюнча пилоттук долбоор 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып коомдук тамактануу тармагында, ал эми 1-октябрынан баштап мейманканаларда ишке кирди. Ошондой эле, долбоор 2026-жылдын 1-февралынан тартып май куюучу станцияларда колдонууга киргизилет. ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 76 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 4-октябрга караган түнү жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. 4-октябрь, ишембиде республика боюнча күн ачык болот. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +14...+19, Талас, Ысык-Көл жана Нарын облустарында +12...+17, Ош. Жалал-Абад жана Баткен өрөөндөрүндө +20...+25 градус жылуу болот. Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +16...+18 градуска чейин көтөрүлсө Ош шаарында +21...+23 градуска жетет.