Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Бишкекте Мектеп лигасы башталдыОрбан Европа согушка жакындап бара жаткандыгын айттыБШК Жогорку Кеңеш шайлоосунун календарлык планын жарыяладыАлдыда кененирээкБШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер канчасына чейин арыз бериши керектигин, каттоо, үгүт иштери качан башталарын Sputnik агенттигине айтып берди. Ал арыздар 31-октябрга чейин кабыл алынарын билдирди. Андан кийин 10-ноябрга чейин талапкерлерди каттоо жүрөт. Үгүт иштери 10-ноябрда башталып, 29-ноябрь саат 08:00гө чейин уланат. Бул убакыттан 30-ноябрга чейин "жымжырт күн" жарыяланат. Шайлоо участогуна келе албаган (маселен, майыптыгы барлар) добуш берүүчүлөр арыздарын 28-ноябрга чейин жөнөтүшү керек. Шайлоо 30-ноябрда өтөт. Автоматтык эсептөөчү урналар шайлоонун жыйынтыгын дароо көрсөтсө, расмий жыйынтык толугу менен 14-декабрга чейин чыгат.
Аял талапкер катталбаган округда шайлоо мөөнөтү узартылат. Бул тууралуу БШК мүчөсү Акбалык Жумалиева билдирди Анын айтымында, эгерде округда жалаң аял же жалаң эркек талапкерлер болуп калса, анда башка жыныстагы талапкер катталгыча шайлоонун мөөнөтү узартылат. Ошондо гана шайлоо өткөн болуп эсептелет.
Ош шаарынын бюджетинде 5,7 миллиард сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Бул тууралуу Эсеп палатасы билдирди. КР Эсеп палатасы Ош шаарынын 2023-жылдагы бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына, ошондой эле муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Натыйжаларга ылайык, шаардык бюджеттин такталган көлөмү 3,2 миллиард сомду түздү, бирок киреше бөлүгү болгону 92,7 пайызга аткарылып, пландаштырылгандан 235,6 миллион сомго аз болгон. Айрыкча киреше салыгы жана ижара акысы боюнча көрсөткүчтөр төмөн болуп чыккан. Чыгым бөлүгү да толугу менен аткарылган эмес жана болгону 91,8 пайызды түзгөн. Социалдык коргоо жана билим берүү тармактарындагы каражаттар толук көлөмдө пайдаланылган эмес. "Аудиттин жүрүшүндө жалпысынан 5 миллиард 658,9 миллион сомдук мыйзам бузуу жана финансылык кемчиликтер аныкталды. Алардын ичинен 1 миллиард 952,6 миллион сом калыбына келтирилүүгө тийиш, бирок бүгүнкү күндө 31,2 миллион сом гана кайтарылган", — деп айтылат маалыматта.
Бүгүн Бишкекте Мектеп лигасы жалпы шаардык мелдешинин расмий ачылышы болуп өттү. Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарада Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева куттуктоо сөзүн айтып, мэрия жаш спортчулар, анын ичинде дүйнө чемпиондору менен сыймыктанарын белгилеп, спорттук демилгелерди жана балдар-өспүрүмдөр спортун өнүктүрүүнү колдоону улантарын билдирди. Быйыл аталган иш-чарага борбор калаадагы 104 мектептен 2016-2008-жылдары туулган окуучулар катышууда. Программада спорттун 13 түрү боюнча мелдештер өтөт: бадминтон, жеңил атлетика (балдар үчүн), баскетбол, волейбол, гандбол, дартс, жеңил атлетика, кичи футбол, пионербол, стол тенниси, тогуз коргоол, ордо, шахмат. «Мектеп лигасынын» жеңүүчүлөрү салт боюнча сыйлыктар жана эс алуу үчүн жолдомолор мене