Сот системасын санариптештирүү процесси негизинен үч багыт боюнча жүрүүдө. СМС билдирүүлөрдү ишке киргизүү, тез, ыңгайлуу, ачык-айкын түрдө мамлекеттик алымды онлайн төлөө, ачыктык жана ишеним катары соттордун ишмердигин тышкы баалоо иши кандай жүрөт? Санариптик сот адилеттигин өнүктүрүү, өлкөнүн сот системасынын жаңы кадамдары, соттордун ишинин сапатын баалоо тууралуу “Ачык кеп” программасында сөз кылдык.