Өлкөдө 20-октябрдан 10-ноябрга чейин 2025-жылдагы айыл чарба каттоосу жүрөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди. Маалыматка ылайык, бул иш-чара өлкөнүн айыл чарба тармагынын абалы тууралуу актуалдуу маалыматтарды алуу үчүн жүргүзүлөт. Эл каттоого республикалык бюджеттен 277 миллион сом, БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун колдоосуна 55 миң доллар бөлүнгөн. Эл каттоого 6791 убактылуу кызматкер тартылууда. Муну менен катар үч ай ичинде 220 координатор уюштуруучулук колдоо көрсөтөт. Бөлүнгөн каражаттын басымдуу бөлүгү кызматкерлердин эмгек акысын төлөөгө жумшалат. Калган каражат эл каттоону уюштурууга жана өткөрүүгө керектелет.
Бишкекте Мугалимдер күнү белгиленип, мыкты педагогдор сыйланды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады. Маалыматка ылайык, иш чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгиленди. Ага шаар мэри Айбек Жунушалиев, агартуу министри Догдуркул Кендирбаева баштаган коноктор катышып, педагогдорду кесиптик майрамы менен куттукташты. Ошондой эле шаар мэри жылдын мыкты мугалими наамдарын жеңип алгандарга сыйлыктарды тапшырды. 1-орунга ээ болгон мугалимге 100 миң сомдук, 2-орунга 80 миң сомдук, 3-орунга 60 миң сомдук сертификат берилди. Ошондой эле шаар башчысы өз сөзүндө соңку үч жылда Бишкекте тогуз мектеп, 15 кошумча корпус жана 23 бала бакча курулуп, быйыл билим берүү мекемелерин оңдоо жана модернизациялоого жалпы бир миллиард сомдон ашык каражат бөлүнгөнүн белгиледи.
Стресс улгайгандар үчүн коркунучтуу, андыктан жакындары аларга түшүнүү менен жумшак мамиле кылганы оң. Бул тууралуу медицина илимдеринин доктору Ибрагим Сабиров билдирди. Анын айтымында, көп оорулар стресстен пайда болот. "Илимпоздор оорунун баары стресстен жараларын айтып келишет. Жугуштуу оорулардан башкаларына чындап эле ушул нерсе себепкер. Стресс улгайган адамдарга катуу таасир этет. Эгер жалгыз жашаса андан да кыйын. Алдын алуу үчүн улгайган адамдар көп китеп окушу керек, жатташ керек. Бул эс тутумдун начарлашын да алдын алат. Башкалар менен алака кылып, коомдон обочолонбошу керек. Улгайгандардын клубдары бар, ошолорго барышы керек. Ошондой эле карыган адамдарга үй-бүлөсү жумшак мамиле кылып, түшүнүшү зарыл", — деди Сабиров. Ошондой эле ал чың ден соолук үчүн туура тамактануу жана кыймылдын орду өзгөчө экенин кошумчалады.
АКШнын Ички коопсуздук министрлиги мыйзамсыз иммигранттарды өлкөдөн чыгарууга чакырган пост жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Бардык кылмыштуу мыйзамсыз иммигранттар өлкөдөн чыгарылышы керек. Америка америкалыктар үчүн", — деп жазган министрлик социалдык тармактагы баракчасына. Жарыяланган посттон Сэм аттуу кишинин америкалыктарды иммиграция полициясынын катарына кошулууга чакырып жатканын көрүүгө болот. 20-январдагы инаугурацияда Дональд Трамп АКШнын 47-президенти катары алгачкы сөзүндө Америка аймагына мыйзамсыз иммигранттардын киришин токтотуп, миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо процессин баштоону убадалаган. Ал АКШнын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу улуттук өзгөчө кырдаал жарыялаган.