Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Зеленскийдин тынчтык орнотууга эрки жетпейт. Захарованын брифинги

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Владимир Зеленский менен анын Батыштагы демөөрчүлөрүнүн Украинада тынчтык орнотууга эрки жетпейт, Россия менен каршылашуу ниети күч. Бул тууралуу РФ ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова брифингде билдиргенин РИА Новости жазды.
"Мунун баары Зеленскийдин, анын Батыштагы демөөрчүлөрүнүн жаңжалды тынчтык жолу менен чечүүгө саясий эрки жетпей турганын далилдейт. Тынчтык тууралуу эмне дешпесин, багыты айкын — Россия менен тирешүүнү улантуу", — деди Захарова.
ТИМ өкүлү, мындан тышкары, Киев режими атайын операциянын жүрүшүндө Россия тарап уурдап кетти деген балдарды издебегенин, Зеленский эч кандай далили жок туруп "балдар картасын ойноп" жатканын белгиледи.
"Он миңдеген украиналык бала тууралуу айтып жатышат. Анда эмне үчүн ушу кезге чейин эч кандай маалымат беришпейт? Издеп жатабыз деген балдардын маалыматтарын неге ачыкташпайт? Айтышпайт, анткени бул жөн гана оюн", — деди Захарова.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Кремль: Киев сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирген белги бере элек