БИШКЕК, 2-окт. —Sputnik. Европа Украинадагы чатакты дайыма күчөтүп келет, алардын көздөгөн максаты ушул эле экенин Владимир Путин “Валдай” эл аралык клубунун сессиясында билдирди.
“Тилекке каршы, азырынча согуштук аракеттерди токтотууга мүмкүн болбой келет. Бул үчүн жоопкерчилик көпчүлүктө эмес, азчылыкта, тагыраагы, чатак отун жандырып турган Европада. Менимче, алардын көздөгөнү эле ушул”, — деген Путин.
Ал башка мамлекеттер үчүн Украинадагы абал көзөмөл аймагын кеңейтүүнүн жана акчалай пайда көрүүнүн жолу экенин айткан.
Ошондой эле Путин Батыш украин элин ойлоп, жан тартпай турганын белгилеген. Мындан тышкары, Украинанын бийлиги калктын мээсине айрым нерселерди сиңиргени менен коомдук аң-сезимде өзгөрүү болуп жатканын кошумчалаган.
"Валдай" эл аралык дискуссиялык клубу саясат таануу, экономика, тарых жана эл аралык мамилелер жаатындагы алдыңкы чет өлкөлүк жана россиялык эксперттердин башын бириктирет. Клуб 2004-жылы түзүлгөн. Биринчи отурум Валдай көлүнө жакын Великий Новгороддо өткөндүктөн ушундай аталыш алып калган.