Тоо бетин техника менен тебелегендер айыпка жыгылат. Жапаров тапшырма берди

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Кыргызстандын булуң-бурчунда квадроциклдер менен тоо боорун тытмалап, чөптөрдү тыптыйпыл кылып жаткан учурлар өтө көбөйдү. Бул тууралуу Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды.
Ал квадроцикл менен чаң ызгытып тоо боорунда жүргөн адамдын видеосун бөлүшкөн.
"Муну айдагандар — өзүбүздүн эле балдар. Ооба, туристтер деле бар, бирок көпчүлүгү өзүбүздүн жарандар. Квадроцикл гана эмес, жолтандабас менен дагы жайыттарга чейин чыгып кеткендер арбыды. Тоо-ташка кеткен жол турса көк шиберди тебелеп, каршы-терши жол салып, жайыттардан бери талкалап жатышат. Мындан улам ички иштер министри менен экология министрине тоо беттерин, көк шиберди, жайыттарды квадрациклдер, жолтандабастар менен тебелегендерге айып салуу жана техникалык каражаттарын конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тапшырмасын бердим", — деди президент.
Жапаров машина болобу, квадроцикл болобу, жолдор менен гана айдалышы керектигин белгилеп, эс алуучуларга кайрылган.
"Унааларды жол менен эле айдап, жол түгөнгөн жерден түшүп, жөө эле басыңыздар. Болбосо унааңарды жол жээгине токтотуп, ат миниңиздер. Бул көйгөй өлкө боюнча массалык мүнөзгө ээ болуп бараткандыктан, айла жок, сиздерге кайрылууга туура келди. Ата-бабаларыбыздан таберик болуп мураска калган кооз табиятыбызга аяр мамиле жасайлы. Кийинки муунга, урпактарыбызга тоо-ташыбызды, жер-суубузду кемитпей, коротпой, бузбай, таза сактап өткөрүп берели", — деди өлкө башчы.
Нарындагы Салкын-Төр жаратылыш паркы президенттин иш башкармалыгына өттү