БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. АКШ Украинага Россиянын түпкүрүнө чабуул коюу үчүн Чалгын кызматынын маалыматтарын берет. Бул туурасында Wall Street Journal өзүнүн маалымат берген адамдарына таянып жазды.
"Россиянын энергетикалык инфраструктурасынын объектилерине алыска атылуучу куралдар менен чабуул жасоо үчүн АКШ Украинага Чалгын кызматынын маалыматтарын берет. Президент (Дональд — ред.) Трамп Пентагон менен чалгындоо агенттиктерине чабуул коюу жагынан Киевге жардамдашуу боюнча уруксат берген документке кол койду", — деп айтылат маалыматта.
Газета жазгандай, АКШ өкмөтү НАТОнун өлкөлөрүнөн да ушундай эле колдоо көрсөтүүнү суранууда. Мындан тышкары, АКШ администрациясы Украинага 800 чакырымга чейинки аралыкка атылуучу Tomahawk, Barracuda жана башка ракеталарды берүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат.
Вашингтон азырынча булардын кайсынысына уруксат берилерин так чече элек.
Буга чейин The Wall Street Journal Трамп Нью-Йоркто Владимир Зеленский менен жолукканда АКШнын алыска атылуучу куралдарын Россиянын аймагына чабуул жасоо үчүн колдонуу боюнча чектөөлөрдү алып салууга ачык экенин билдиргенин жазган. Бирок учурдагы чектөөлөрдү кайра карап чыгуу боюнча түз милдеттенме таккан эмес. Зеленский Tomahawk сураган. Америка администрациясы муну ATACMS ракеталарына кошумча берилген курал катары карап жатат.
Кырдаалга комментарий берип жаткан вице-президент Жей Ди Вэнс кабыл алынган чечимдердин жоопкерчилигин мамлекет башчысына жүктөдү.
Ал эми Россия Украинага курал ташуу тынчтыкка жетүүгө тоскоолдук кылып, НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кагылышууга тартат деп эсептейт. Россиянын ТИМ башчысы Сергей Лавров мындай жүктөр "мыйзамдуу бута" болорун мурда эле эскерткен.