Путин Трамптын “Россия кагаздан жасалган жолборс” деген сөзүнө жооп берди

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин АКШнын лидери Дональд Трамптын “Россия кагаздан жасалган жолборс” деген сөзүнө жооп берди.
Ал РФ Украинанын куралдуу күчтөрү менен гана эмес, бүткүл НАТО мамлекеттери менен согушуп жатканын эске салды.
"Биз НАТОнун бардык блогу менен согушуп, ийгиликтерди жаратып, өзүбүздү ишенимдүү сезип жатабыз. Ушуну “кагаз жолборс” десе болобу? Анда НАТО ким болуп калат?” — деди Путин “Валдай” эл аралык клубунун жыйынында.
Ал бул кеп кандай мааниде айтылганын билбей турганын, балким тамаша экенин болжоду.
Европанын Украинадагы чатакты күчөтүүдөн башка максаты жок