Россия АКШ менен мамилени толугу менен калыбына келтирүүнү көздөйт

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Россия АКШ менен мамилени толук калыбына келтирүүнү көздөй турганын РФ президент Владимир Путин "Валдай" эл аралык клубунун сессиясында билдирди.
Ал белгилегендей, эки мамлекеттин мамилелеринде карама-каршылыктар бар, бул кадыресе көрүнүш. Учурдагы америкалык администрация өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын көздөйт, бул да рационалдуу мамиле. Россия дагы улуттук кызыкчылыктарын коргойт.
Путиндин айтымында, мамлекеттер дымагын баса алса бири-бири менен тил табыша алат, буга АКШ мисал.
Европанын Украинадагы чатакты күчөтүүдөн башка максаты жок