БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Улуттук банк кечээ интервенция жасап, валюта базарына 38 миллион доллар сатты. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында жазылды.
Бирок акча алмаштыруу жайларындагы долларды сатып алуу жана сатуу курсу өзгөргөн жок. Сатып алуу 87,3, сатуу 87,6 сом бойдон калды.
Улуттук банк интервенцияны валюта рыногундагы чет элдик акчанын тартыштыгын толуктоо жана өзгөрүлмө режим учурунда сомдун курсун туруктуу кармап туруу үчүн негизги инструмент катары пайдаланат.
Эске салсак, өлкөнүн башкы каржы уюму ушул күздө экинчи жолу ири суммада доллар сатты.