БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Эмерек алып берем деп 100 миң доллар алып качып кеткен кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди.
Шектүүлөр Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн.
© Фото / пресс-служба МВД КР
"2024-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына Ф.Ж. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Ал эмерек сатуучу дүкөндөрдүн биринин кызматкерлери 2021-жылдын августунда Түркиядан эмерек алып келип беребиз деп 100 миң доллар аванс алып, бирок убадасын аткарбай качып кетишкенин билдирген", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрликтеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Түркиянын аймагынан К. Г. аныкталып, кармалган. Эл аралык издөө иштеринин жүрүшүндө 26 жаштагы Т.А. аттуу экинчи шектүү дагы колго түшүрүлгөн.