Мындан туура 86 жыл мурда учкуч Владимир Коккинаки башкарган Ил-2 учагы асманга көтөрүлгөн. Жаңы муундагы техника аскердик учактын башаты болуп саналат. Сыноодон ийгиликтүү өтүп, 1941-жылдын мартынан баштап Воронеждеги авиазаводдон биринчиси чыгарылат. Улуу Ата Мекендик согуш башталган маалда СССРдин 200дөн ашуун Ил-2си бар эле. Кийинчерээк алымча-кошумча киргизилип, 1942-жылдан тарта армияга жөнөтүлө баштайт.
Аскердик учак жөнөкөй болгону менен абдан бышык эле. Аткыланып, 100 жеринен тешилсе да жерге корпусун көп жабыркатпай коно алчу. Ил-2ни талаа-түздө деле калыбына келтирүү оңой болчу, бул аны чет өлкөлүк техникадан кыйла айырмалап турган.
Ил-2 менен бир топ атактуу пилоттор учкан. Кезинде штурвалга Советтер Союзунун эки жолку баатырлары Василий Андрианов, Михаил Одинцов жана Талгат Бегельдинов да отурган.
1944-жылдын 18-мартында кыргызстандык кенже лейтенант Ысмайылбек Таранчиев Эстонияда жалындаган Ил-2син душмандын зениттик артиллериясына буруп, каршы тарапты бир топ бүлгүнгө учураткан. Таранчиев менен экипаждын аткычы Алексей Ткачев баатырларча курман болгон.
2015-жылы Ысмайыл Таранчиевдин элесине арналган почта маркасы чыгарылган, анын ысымын Кант шаарындагы россиялык авиабазанын Су-25 учактары да алып жүрөт.