Бишкекте "Дени сак Евразия" акциясы өттү

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Бүткүл дүйнөлүк жүрөк жана Карылардын эл аралык күнүнө карата "Дени сак Евразия" медициналык агартуу иш-чарасын өткөрдү.
Иш-чараны "Евразия" бейөкмөт уюму менен Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору уюштурган.
1 / 3

Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Бүткүл дүйнөлүк жүрөк жана Карылардын эл аралык күнүнө карата "Дени сак Евразия" медициналык агартуу иш-чарасын өткөрдү

2 / 3

Иш-чараны "Евразия" бейөкмөт уюму менен Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору уюштурган

3 / 3

Иш-чарага 100дөн ашык адам катышты. Максаты — адамдардын жүрөгүнө кам көрүү жөнөкөй жана жеткиликтүү кадамдардан башталарын эскертүү

Иш-чарага 100дөн ашык адам катышты. Максаты — адамдардын жүрөгүнө кам көрүү жөнөкөй жана жеткиликтүү кадамдардан башталарын эскертүү.
Бардык катышуучулар кан басымын өлчөп, кардиолог менен кеңешип, медициналык тесттен өтүштү. Соңунда бардыгына "Дени сак жүрөк паспорту", пайдалуу кеңештер камтылган баракча берилди.
Бишкек шаарында "Евразия" социалдык дүкөнүнүн үчүнчүсү ачылды