Бир күндөгү чыгым — 400 миллион доллар. АКШдагы шатдаундун кесепети

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Америкалык салык төлөөчүлөр өкмөт өзүнүн ишин убактылуу токтотконуна карабастан, аткаминерлердин айлыгына күнүнө болжол менен 400 миллион доллар төлөөгө мажбур болушат. Бул туурасында РИА Новости АКШнын Конгресс бюджети боюнча башкармалыгы эсептеп чыкканын жазды.
"Башкармалыктын эсеби боюнча, 2026-жылы өкмөт жыл сайын чечип бөлүштүрө турган чыгымдарды каржылоо токтогон учурда 750 миңге чукул кызматкер айлык төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жиберилиши мүмкүн. Алардын күнүмдүк кенемтеси 400 миллион долларга чукул болот", — деп айтылат жарыяланган маалыматта.
Шатдаундун экономикага тийгизген таасири анын канчага чейин созуларына жараша болорун айтышты. Жалпысынан чыгымды калыбына келтирүүгө болот. Анткен менен 2018-жылдын соңу, 2019-жылдын башында болгон беш жумалык шатдаунда үч миллиард доллар кумга сиңген суудай жок болгон.
АКШнын финансылык жаңы жылы шатдаундан, тагыраагы, бюджеттин жоктугунан федералдык ведомствонун ишинин токтоп калышынан башталды. Бул америкалык саясат үчүн сейрек көрүнүш эмес. 1976-жылдан бери мындай кризис 22 жолу болуптур. Анын кесепетинен экономика кеминде 37-40 миллиард доллар чыгым тарткан.
АКШ президенти Дональд Трамп буга чейин өкмөттүн иши токтоп турган мезгилди кызматкерлерди жана төлөмдөрдү жапырт кыскартуу үчүн пайдаланса болорун билдирген. Анын айтымында, бюджетти макулдашып жаткандагы көйгөйдү демократтардын позициясы жараткан, эми азыркы кырдаалды Ак үй республикачыларга жакпаган программалардан арылуу үчүн колдонууда.
"Бул апаат". Киевден АКШдагы шатдаун боюнча үн катышты