АКШнын Ички коопсуздук министрлиги мигранттарды өлкөдөн чыгарууга чакырды

Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. АКШнын Ички коопсуздук министрлиги мыйзамсыз иммигранттарды өлкөдөн чыгарууга чакырган пост жарыялады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
"Бардык кылмыштуу мыйзамсыз иммигранттар өлкөдөн чыгарылышы керек. Америка америкалыктар үчүн", — деп жазган министрлик социалдык тармактагы баракчасына.
Жарыяланган посттон Сэм аттуу кишинин америкалыктарды иммиграция полициясынын катарына кошулууга чакырып жатканын көрүүгө болот.
20-январдагы инаугурацияда Дональд Трамп АКШнын 47-президенти катары алгачкы сөзүндө Америка аймагына мыйзамсыз иммигранттардын киришин токтотуп, миллиондогон мигранттарды экстрадициялоо процессин баштоону убадалаган. Ал АКШнын түштүк чек арасындагы кырдаалга байланыштуу улуттук өзгөчө кырдаал жарыялаган.
Тышкы иштер министрлиги АКШда жүргөн мекендештерге кайрылды