3-октябрга карата аба ырайы

3-октябрга караган түнү өрөөндөрдө жамгыр, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. 3-октябрь, жума күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты.
Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөндөрүндө +12...+17 градус ысык болот.
Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +20...+22 градуска көтөрүлөт.
Кечээ Улуттук банк 38 млн. доллар сатты. Курска сереп