Кыргызстандын булуң-бурчунда квадроциклдер менен тоо боорун тытмалап, чөптөрдү тыптыйпыл кылып жаткан учурлар өтө көбөйдү. Бул тууралуу Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазды. Ал квадроцикл менен чаң ызгытып тоо боорунда жүргөн адамдын видеосун бөлүшкөн."Муну айдагандар — өзүбүздүн эле балдар. Ооба, туристтер деле бар, бирок көпчүлүгү өзүбүздүн жарандар. Квадроцикл гана эмес, жолтандабас менен дагы жайыттарга чейин чыгып кеткендер арбыды. Тоо-ташка кеткен жол турса көк шиберди тебелеп, каршы-терши жол салып, жайыттардан бери талкалап жатышат. Мындан улам ички иштер министри менен экология министрине тоо беттерин, көк шиберди, жайыттарды квадрациклдер, жолтандабастар менен тебелегендерге айып салуу жана техникалык каражаттарын конфискациялоо мүмкүнчүлүгүн карап көрүү тапшырмасын бердим", — деди президент. Жапаров машина болобу, квадроцикл болобу, жолдор менен гана айдалышы керектигин белгилеп, эс алуучуларга кайрылган. "Кийинки муунга, урпактарыбызга тоо-ташыбызды, жер-суубузду кемитпей, коротпой, бузбай, таза сактап өткөрүп берели", — деди Жапаров.
Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Бүткүл дүйнөлүк жүрөк жана Карылардын эл аралык күнүнө карата "Дени сак Евразия" медициналык агартуу иш-чарасын өткөрдү. Иш-чараны "Евразия" бейөкмөт уюму менен Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору уюштурган.Иш-чарага 100дөн ашык адам катышты. Максаты — адамдардын жүрөгүнө кам көрүү жөнөкөй жана жеткиликтүү кадамдардан башталарын эскертүү. Бардык катышуучулар кан басымын өлчөп, кардиолог менен кеңешип, медициналык тесттен өтүштү. Соңунда бардыгына "Дени сак жүрөк паспорту", пайдалуу кеңештер камтылган баракча берилди.
Эмерек алып берем деп 100 миң доллар алып качып кеткен кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу ИИМ билдирди. Шектүүлөр Интерпол линиясы боюнча эл аралык издөөдө жүргөн."2024-жылдын 18-декабрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук милициясына жарандан арыз түшкөн. Ал эмерек сатуучу дүкөндөрдүн биринин кызматкерлери 2021-жылдын августунда Түркиядан эмерек алып келип беребиз деп 100 миң доллар аванс алып, бирок убадасын аткарбай качып кетишкенин билдирген", — деп айтылат маалыматта. Кыргызстан менен Түркиянын ички иштер министрликтеринин ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Түркиянын аймагынан шектүү кармалган. Эл аралык издөө иштеринин жүрүшүндө 26 жаштагы экинчи шектүү дагы колго түшүрүлгөн./// ЭМИ ВАЛЮТА КУРСУ МЕНЕН ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗДАР Улуттук банктын билдирүүсү боюнча ушул тапта: 1 АКШ доллары 87 сом 45 тыйынга евро 102 сом 76 тыйынга рубль 1 сом 7 тыйынга Казак тенгеси 16 тыйынга барабар МУНАЙ БААСЫ Бишкекте орточо эсеп менен алганда Аи 92 үлгүсүндөгү бензин 70 сом 40 тыйындан баштап, 71 сом 80 тыйынга чейин, Аи 95 үлгүсүндөгү күйүүчү май 76 сом 40 тыйындан 77 сом 40 тыйынга дейре, дизель майы 76 сом 50 тыйындан тарта 77 сом 40 тыйынга чейин, ал эми унаа газынын литри 38 сомдон сатылууда АБА ЫРАЙЫ 3-октябрга караган түнү өрөөндөрдө жамгыр, тоолордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Жума күнү өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр жаашы күтүлөт. Мындай маалыматты Кыргызгидромет таратты. Абанын температурасы Чүйдө +13...+18, Талас аймагында +11...+16, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын өрөөнүндө +12...+17 градус ысык болот. Күндүн табы борбор калаада +14…+16, Ош шаарында +20...+22 градуска көтөрүлөт.