Энергетика министрлиги эски кабат үйлөрдү жылуулап чатырына күн панелдерин орнотууну кароодо Бул үчүн ТСЖга же башкарган компанияга чыгымдын 30-40 пайызын мамлекет компенсациялашы керектиги айтылган. Ошондой эле ишти тездетүү үчүн совет доорунда курулган имараттар үчүн типтүү долбоор иштеп чыгуу керек. Типтүү долбоор фасад, чатыр, терезелерди жылуулоону карап, күн коллекторун ысык суу менен камсыз кылуу үчүн жана жылытуу системасына насосторун орнотууну камтышы зарыл. Чет өлкөлөрдө мындай ыкма турак жайларды массалык түрдө модернизациялоону жөнөкөйлөткөн.
Кыргызстандын окуучулары информатика боюнча эл аралык олимпиадада 2 алтын, 2 коло алышты XXXII Балкан информатика олимпиадасы Италияда өтүп, ага 16 өлкөнүн окуучулары катышкан. Билим жарышында Кыргызстандын командасы 2 алтын жана 2 коло медаль жеңип, командалык эсепте 2-орунду ээлеген. Алтын медалды Алихан Айдарбеков менен Ян Бобрус алса, Нурислам Карыпжанов менен Рамазан Мананов коло медаль уткан. Билим берүү министрлиги бул жеңиш Кыргызстан үчүн рекорддук көрсөткүч экенин белгиледи.
Айсулуунун өлүмү боюнча маалымат тараткан Сыймык Нарынбек уулуна ИИМ иш козгоп, камады Милиция Нарынбек уулу окуянын жагдайлары тууралуу так маалыматы жок туруп, ойдон чыгарылган кабар таратуу менен коомчулукту адаштырып, чыңалууну күчөткөнүн билдирди. Ага карата Жазык кодексинин "Пайда табуу ниетинде кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо" беренеси боюнча иш козголуп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Министрлик ал бир нече жолу соттолгонун кошумчалады. ИИМдин маалымат кызматынын башчысы Султан Макилов Нарынбек уулу ЖМКларга кыз көлдүн жээгине көмүлгөнүн айткан, бирок бул жалган болуп чыккан. Буга чейин министрлик бул баланын зордукталып өлтүрүлгөн Айсулуу Мукашевага эч кандай жакындыгы жок экенин билдирген. Кийинчерээк ЖМКлар кыздын туугандары менен байланышып, алар Сыймык Нарынбек уулу тууганы экенин, окуя боюнча маалымат таратууну өздөрү суранышканын айтышкан.
Америкалык салык төлөөчүлөр өкмөт өзүнүн ишин убактылуу токтотконуна карабастан, аткаминерлердин айлыгына күнүнө болжол менен 400 миллион доллар төлөөгө мажбур болушат. Бул туурасында РИА Новости АКШнын Конгресс бюджети боюнча башкармалыгы эсептеп чыкканын жазды. "Башкармалыктын эсеби боюнча, 2026-жылы өкмөт жыл сайын чечип бөлүштүрө турган чыгымдарды каржылоо токтогон учурда 750 миңге чукул кызматкер айлык төлөнбөгөн эмгек өргүүгө жиберилиши мүмкүн. Алардын күнүмдүк кенемтеси 400 миллион долларга чукул болот", — деп айтылат жарыяланган маалыматта. Шатдаундун экономикага тийгизген таасири анын канчага чейин созуларына жараша болорун айтышты. Жалпысынан чыгымды калыбына келтирүүгө болот. Анткен менен 2018-жылдын соңу, 2019-жылдын башында болгон беш жумалык шатдаунда үч миллиард доллар кумга сиңген суудай жок болгон. АКШнын финансылык жаңы жылы шатдаундан, тагыраагы, бюджеттин жоктугунан федералдык мекеменин ишинин токтоп калышынан башталды.