Бишкек жана Москва шаарлары санариптик башкарууну өнүктүрүү боюнча кызматташуу меморандумуна кол коюшту. Документ тажрыйба алмашууну, семинарларды өткөрүүнү жана пилоттук долбоорлорду ишке ашырууну карайт. Москвада "Активдүү жаран", акылдуу транспорт, роботторду колдонуу жана жасалма интеллектке негизделген кызматтар ийгиликтүү иштеп жатат. Өзгөчө жол тазалоодо айдоочусуз техниканын колдонулушу Бишкек үчүн кызыктуу тажрыйба болууда. Ошондой эле Сбербанк жана Яндекс сыяктуу компаниялар менен кызматташуу пландалууда.
Бул тууралуу "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасынын директору Жумамүдүн Жумалиев маалымдады. Анын айтымында, Бишкек заманбап жана ыңгайлуу шаарга айланат.