Минскиде өткөн Евразиялык экономикалык форумда президент Садыр Жапаров ЕАЭБде өнөр жайды өнүктүрүү үчүн өндүрүштү локалдаштыруунун деңгээлин жогорулатуу, ири өндүрүш үчүн көмөкчү кластерлерди түзүү, бизнести тартуу керектигин айтты. Өнөр жайды санариптик трансформациялоого жана өндүрүштө роботтук системаларды колдонууга өзгөчө көңүл буруу керектиги белгиленди. Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов айтып берди.