Республикада акыркы жылдары ылаңдуу малдан жуккан бруцеллёз менен жабыркаган адамдардын саны өсүүдө. Быйыл сегиз ай ичинде дарт жалпы 878 кишиден аныкталды. Бул былтыркыга салыштырмалуу 73 учурга көп экендигин Жаркынай Казыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, 2023-2024-жылдары үй жаныбарлары бруцеллёзго каршы эмделген эмес. Бул калк арасында оорунун жайылышына себеп болууда.
"Аталган илдет адамга көбүнчө кой, эчки, уй ылаңдаган учурда, анын чийки эти жана сүтү аркылуу жугат. Ошондой эле малды төлдөтүү учурунда, өзгөчө түйүлдүктүн айланасындагы суюктукта, канда, малдын тонунда, жыныс органдарында бруцеллездун козгогучтары өтө көп болот. Статистикалык маалыматтарга караганда, жыл сайын бруцеллез оорусун 1000дей киши жуктуруп алат. Ошентип акыркы он жылда бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 10 113 адамга жетти. Мындан тышкары, 14 жаштагы балдар арасында жуктуруп алган учурлар да өсүүдө. 2025-жылдын сегиз айында 121 бала жуктуруп алып, кайрылган", — деди Казыбаева.
Ал ошондой эле бул оору адамдын нерв системасын, табарсык, жүрөк-кан тамырларын жабыркатарын жана көп учурда өнөкөткө айланып майыптыкка, кээде тукумсуздукка чейин алып келерин, бирок алар адамдан адамга жукпастыгын кошумчалады.
"Бруцеллёздон кийин күйдүргү жана кутурма илдеттери турат. Күйдүргү ушул жылдын сегиз айында Ош облусунун бир тургунунан аныкталды. Акыркы он жылда бул дарт менен 141 адам жабыркаган. Ал эми кутурма дартын жуктургандар соңку үч жыл ичинде катталган жок. Бирок Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматына ылайык, планета боюнча кутурмадан ар 10 мүнөттө бир адам көз жумат. Жалпысынан 50 миңдей адам жуктуруп алат. Бизде болсо мурда жылына үчтөн жетиге чейин учур катталып турган", — деди дарыгер.