Транспорт министрлиги аба ырайына байланыштуу айдоочуларга кайрылды

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Транспорт жана коммуникация министрлиги күндүн сууктаганына байланыштуу айдоочуларга кайрылып, жолдо сак болууну эскертти.
Ведомство тоо этектерине кар жаай турганын, жолдор тайгак болорун белгилеп, ашуулар аркылуу өтө турган айдоочулардан машинасынын дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырды.
Ошондой эле жолдун каршы тилкесине чыкпай, автоунааны акырыныраак айдоону өтүндү.
1-октябрдан тарта коопсуздук курун тагынбагандар айыпка жыгыла баштайт