БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, мыкаачылык менен өлтүрүлгөн өспүрүм Айсулуу Мукашеванын ишин Жапаров өз көзөмөлүнө алган.
"Коомчулукту нес кылган бул кылмыш тууралуу кабарды мамлекет башчыбыз терең өкүнүч менен кабыл алды. Ошол эле учурда президенттик администрациянын Укуктук камсыздоо башкармалыгынын начальниги Мурат Укушевге балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш жүргүзүү тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү каралды", — деди Алагөзов.
Президент балдарга жана кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштар жазасыз калбашы керек деген позицияны карманары белгиленди.
Эске салсак, Айсулуу Мукашева 27-сентябрда түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Шектүү Бишкектен кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.