Төбө чачты тик тургузган кылмыштан кийин өлүм жазасын кайтаруу сунушталды

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстанда өлүм жазасын кайтаруу сунушталууда. Тиешелүү демилге ченемдик-укуктук актылардын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына илинди. Аны жарандык коом сунуштаган.
Демилгеде Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизип, мыкаачылык менен киши өлтүргөндөргө, жашы жете электерди өлтүргөндөргө, ошондой эле зордуктоо же башка жыныстык мүнөздөгү зомбулук аракеттери менен коштолгон киши өлтүрүү үчүн өлүм жазасын киргизүү сунушталган.
"Бул жаза соттун өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенден жана бардык соттук инстанциядан өткөндөн кийин гана колдонулат. Ошондой эле аялдар жана жашы жете электер өлүм жазасына тартылбайт. Мындай сунушту киргизүүгө жашы жете электерди зордуктоо, мыкаачылык менен өлтүрүү фактыларынын көбөйүшү себеп болду", — деп айтылат документте.
Конституция боюнча, Кыргызстанда өлүм жазасын колдонууга тыюу салынган. Бул демилгени ишке ашыруу үчүн референдум өткөрүү керек. 2022-жылы депутаттар тобу өлүм жазасын кайтарууну сунуштап, бирок өкмөт каршы чыккан.
Милиция Ысык-Көлдө 17 жаштагы кыз өлтүрүлгөн кылмыштын чоо-жайын тактады