БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Өлүм жазасын кайтаруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек. Бул тууралуу 2021-жылдагы конституциялык реформада Конституциялык кеңешмени жетектеген Бекбосун Бөрүбашов Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Анын айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жалпы элдик добуш берүү аркылуу ишке ашат. Бөрүбашов референдумду президент демилгелей аларын жана аны парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрсө болорун белгиледи.
"Аялдарга жана балдарга карата жасалган оор кылмыштар үчүн өлүм жазасы керек. Эл аралык нормаларды Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен кыйгап өтсө болот. Албетте, адам укугун айтып нааразы болгондор чыгат. Бирок алар эмнегедир кылмышкерлер башкалардын укугун бузуп жатканын айтышпайт. Мыйзамдын нормалары коомдун кызыкчылыгына жооп бериши керек. АКШнын 30дан ашык штатында өлүм жазасы бар, бирок адам укугу тууралуу көп кыйкыргандар да ошолор", — деди Бөрүбашов.
Учурдагы Баш мыйзамдын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынган. Ал эми 70-беренеде президент өзүнүн демилгеси же кеминде 300 миң шайлоочунун же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындай алары жазылган.
Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын зордукталып өлтүрүлүшүнөн кийин Кыргызстанда өлүм жазасын жандантууну сунуштаган.