Атуу жолу менен ишке ашкан. Кыргызстандагы өлүм жазасы тууралуу эмне белгилүү

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштады.
Мамлекет башчысы мындай чечимди 17 жаштагы Айсулуунун мыкаачылык менен өлтүрүлүшүнөн кийин кабыл алган.
Кыргызстандагы өлүм жазасы жөнүндө эмнелер белгилүү:
Конституцияда өлүм жазасына тыюу салынган;
1998-жылы президент Аскар Акаев Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 50 жылдыгына карата өлүм жазасына эки жылдык мораторий киргизген. Кийин ал мөөнөт узартылып турган;
акыркы өлүм жазасы 1998-жылы аткарылган;
Кыргызстанда өлүм жазасы атуу жолу менен ишке ашырылган;
2007-жылы президент Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен өлкөдө өлүм жазасы толук жоюлган;
2010-жылдын декабрында Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын Өлүм жазасын жоюуга багытталган экинчи факультативдик протоколун ратификациялаган. Кылмыш кодексинде өлүм жазасынын ордуна өмүр бою эркинен ажыратуу киргизилген;
ачык булактардагы маалыматка караганда, Кыргызстанда өлүм жазасына 174 адам тартылган;
Жогорку Кеңештин депутаттары өлүм жазасын кайтарууну бир нече жолу сунуш кылышкан. Бирок ар кандай себептер менен колдоого алынган эмес. Акыркы жолу мындай демилге 2023-жылы көтөрүлгөн.
Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады