"Бул апаат". Киевден АКШдагы шатдаун боюнча үн катышты

Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. АКШнын шатдауну Киевге берилчү аскердик жардамды кыскартып, жөнөтчү куралдардын агымын токтотот. Бул туурасында Украинанын экс-президенти Леонид Кучманын мурдагы кеңешчиси Олег Соскин YouTube-каналдагы эфир учурунда айткан.
"Мындай алып караганда, муну апаат десек болот. Зеленский да, анын айланасындагылар да эч нерсе кыла албайт. Тегерегиндегилердин баары АКШга көз каранды, ошондуктан Американын азыркы башаламан абалы (Украина үчүн — ред.) оор мезгилди алып келет", — деди ал.
Эксперттин айтымында, Зеленскийдин америкалыктардын арасында колдоосу ансыз деле аз. Ал эми шатдаун Киев менен Вашингтондун мамилесин үзүшү да мүмкүн.

Шатдаундун чоо-жайы

АКШ Сенаты шейшембиде эки партиядан каржылоону улантуу боюнча мыйзам долбоорун кабыл ала алган эмес. Мындан соң Ак үй өкмөттүк мекемелерге ишти токтото туруу боюнча эскертүү жазган.
АКШда финансылык жыл 1-октябрда башталат. Кезектеги шатдаунга жол бербөө үчүн Конгресс 1-октябрда аяктай турган учурдагы каржы жылынын толук же кыска мөөнөттүү бюджетин кабыл алышы керек.
Эгер шатдаун кирсе федералдык мекемелердин көпчүлүгү ишин токтотот, айрым кызматкерлер убактылуу өргүүгө чыгат. Башкалары акысыз иштөөгө аргасыз болот. Зарыл кызматтар (мисалы, аскер, полиция, медицина) иштей берет, бирок каржылоо маселеси чечилмейинче абал татаалдайт.
АКШ тарыхында эң узак шатдаун 2018-2019-жылдары болуп, 35 күнгө чейин жеткен.
Өкмөт иштебей калабы? АКШда шатдаундан качууга мүмкүн болбой калганын айтышууда