БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Жети-Өгүз райондук соту Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектелген кишинин бөгөт чарасын тандады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ИИМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, ал эки айга камакка алынып, ишти ИИМ иликтөөдө.
Эске салсак, 17 жаштагы Айсулуу Мукашева 27-сентябрда түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Шектүү Бишкектен кармалган.
Төбө чачты тик тургузган бул окуядан кийин президент Садыр Жапаров жаш балдарды зордуктагандарды, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүүнү сунуштады.