БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бүгүн, 1-октябрда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында курулган ипотекалык көп кабаттуу турак жайдан 40тан ашык аскер кызматчысы батир алды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти.
Жаңы батирлердин ачкычын министр Руслан Мукамбетов тапшырып, иш-чарага Каракол шаарынын мэри Нуртилек Орозбаев, аскер кызматчылары, алардын үй-бүлө мүчөлөрү жана жакындары катышкан.
Белгилей кетсек, өткөн айдын башында министрлер кабинети аскер кызматкерлерине жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө ипотекалык төлөмдөрдү компенсациялоо боюнча жаңы тартипти бекиткен. Ага ылайык, эгерде аскер адамы коммерциялык банктар же МИК аркылуу ипотека алган болсо, алардын кредиттик милдеттенмелерин мамлекет толугу менен өзүнө алат.