2-октябрга карата аба ырайы

2-октябрда түнкүсүн көпчүлүк жерлерде жаан жаап, дыйканчылык аймактарда жаан карга айланышы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Бейшембиде күндүз тоолуу жана бийик тоолуу райондордо жаан, кар жаайт. Айрым жерлерде туман түшүшү күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй менен Талас өрөөнүндө 10…15, Ош, Жалал-Абад жана Баткен аймактарында 11…16, Ысык-Көл, Нарын облустарында 10…15 градус болот.
Күндүн табы Бишкек жана Ош шаарларында 13…15 градусту көрсөтөт.
Транспорт министрлиги аба ырайына байланыштуу айдоочуларга кайрылды