Асанкул Шаршенов 16 актер ойной турган спектаклди жалгыз аткарчу

Sputnik
Кыргыз сатирасы дегенде Асанкул Шаршенов элестейт. Анын көөнөргүс таланты, элде жок жоруктары, тапкычтыгы азыркы учурга чейин легенда болуп айтылып келет. Замандаштары Шаршеновдун бир эле сатираны катырбай арифметиканы мыкты билген, абдан убакытка так жана спортту сүйгөн инсан болгонун эскеришет. Ал эгер актерлук кесипти аркалабаса андан мыкты аскер кызматкери да чыкмактыгын айтышат.
Бүгүнкү "Кеменгер" уктуруусунда белгилүү кино жана театр актеру, сатирик Асанкул Шаршеновду эскердик.