Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Sputnik
Өлүм жазасын кайтаруу үчүн Конституцияга өзгөртүү киргизүү керек. Бул тууралуу 2021-жылдагы конституциялык реформада Конституциялык кеңешмени жетектеген Бекбосун Бөрүбашов Sputnik Кыргызстан агенттигинин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жалпы элдик добуш берүү аркылуу ишке ашат. Бөрүбашов референдумду президент демилгелей аларын жана аны парламенттик шайлоо менен чогуу өткөрсө болорун белгиледи. "Аялдарга жана балдарга карата жасалган оор кылмыштар үчүн өлүм жазасы керек. Эл аралык нормаларды Конституцияга өзгөртүү киргизүү менен кыйгап өтсө болот. Албетте, адам укугун айтып нааразы болгондор чыгат. Бирок алар эмнегедир кылмышкерлер башкалардын укугун бузуп жатканын айтышпайт. Мыйзамдын нормалары коомдун кызыкчылыгына жооп бериши керек. АКШнын 30дан ашык штатында өлүм жазасы бар, бирок адам укугу тууралуу көп кыйкыргандар да ошолор", — деди Бөрүбашов. Учурдагы Баш мыйзамдын 25-беренесине ылайык, өлүм жазасына тыюу салынган. Ал эми 70-беренеде президент өзүнүн демилгеси же кеминде 300 миң шайлоочунун же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен референдум дайындай алары жазылган. Белгилей кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаров 17 жаштагы Айсулуу Мукашеванын зордукталып өлтүрүлүшүнөн кийин Кыргызстанда өлүм жазасын жандантууну сунуштаган.
Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери соода жайларында иш алып барган жеке ишкерлер менен жолугушуу өткөрүштү. Мекемеден маалымдашкандай, иш-чаранын негизги максаты жеке ишкерлердин укуктарын коргоо, укук бузууларга каршы биргелешкен аракеттерди күчөтүү жана бизнес-коомчулугу менен мамлекеттик органдардын ортосундагы ачык диалогду камсыз кылуу болуп саналат. Жолугушууда укук бузуу катталган учурда кайрылуу тартиптери тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, ишкерлерге Башкы прокуратура тарабынан иштелип чыккан “Ишкердик субъекттерди текшерүүлөрдү каттоо боюнча” автоматташтырылган маалыматтык системасы жана “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси жөнүндө кеңири маалымат берилди. Тиркемени Play Market жана App Store платформаларынан жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү бар.
Жети-Өгүз райондук соту Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө шектелген кишинин бөгөт чарасын тандады. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ИИМден кабарлашты. Маалыматка караганда, ал эки айга камакка алынып, ишти ИИМ иликтөөдө. Эске салсак, 17 жаштагы Айсулуу Мукашева 27-сентябрда түштө Барскоон айылынан Каракол шаарына чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан. 29-сентябрь күнү сөөгү Боом капчыгайына жакын жердеги Жел-Арык аймагынан табылып, зордукталып өлтүрүлгөнү билинген. Шектүү Бишкектен кармалган.
Ошто кафе-ресторан, коммерциялык ишканалар 1-ноябрга чейин өзүнүн унаа токтотуучу жайын уюштурууга милдеттендирилди. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Маалыматта мындай талап шаардыктардын коопсуздугу жана жол тыгынын азайтуу максатында коюлуп жатканы белгиленген. Ошондой эле муниципалитет калаадагы бир катар кафе, тез тамактануучу жайлардын айланасындагы жерлерди сатып алып, унаа токтотуучу жайлар уюштурулуп жатканы кошумчаланды.