“Ачык кеп” программасында студиябыздын коногу — гастроэнтеролог Сезим Иманкулова болду. Биз бүгүн көп кездешкен оору – гастрит тууралуу сүйлөштүк.Гастрит деген эмне, анын кандай түрлөрү бар, эмне себептен пайда болот, аны туура дарылоо үчүн дарыгерлер кандай ыкмаларды сунушташат, элдик медицинадагы айрым ыкмалар жардам береби же тескерисинче, зыян келтиреби, оорунун алдын алуу үчүн эмнелерди билишибиз керек, кандай тамак-аш ашыкча жүктү жаратат, ден-соолукту сактап калуу үчүн кандай жашоо образы маанилүү, ал эми панкреатит, ашказан жарасы ооруларынын кандай айырмачылыктары бар. Дарыгер оорунун алдын алуу үчүн жеңил сиңимдүү жана пайдалуу тамактарды тандап, газдалган ичимдиктерден, өтө ачуу жана майлуу азыктардан баш тартууну сунуштады. Мындан тышкары, өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүп туруу зарылдыгы белгиленди.